Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:48

Б.Обама Флоридага мурдагы президент Билл Клинтондун коштоосунда барды


АКШдагы президенттик шайлоого бир жумадан аз убакыт калган кезде демократтардын талапкери Барак Обама Флоридага мурдагы президент Билл Клинтондун коштоосунда барды. Орландо шаарынын жанында өткөн үгүт жыйынында Клинтон шайлоочуларды 4-ноябрда Обаманы колдоого үндөдү. Сенатор Обама Буш администрациясынын 8 жылдык башкаруусунан кийин өлкөгө өзгөрүү алып келүүгө кудуреттүү адам, - деп белгиледи экс-президент. Кечээ кечинде АКШнын ири каналдарынан Обаманын 30 мүнөттүк үгүттө тасмасы көрсөтүлдү. Анын атаандашы сенатор Маккейн дагы Флоридада болду. Ал Обаманын өлкөнү терроризмден коргоо үчүн тажрыйбасы жетиштүү эмес деген күнөм саноосун ортого салды.

XS
SM
MD
LG