Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:00

Европа депутаттары чатактуу маселелерди көтөрүштү


29-30-октябрда Бишкекте Кыргызстан-Европа Биримдигинин парламенттик кызматташуу боюнча комитетинин жыйыны өттү. Европарламенттин делегациясынын башчыларынын бири Она Юкневичиенинин билдирүүсүнө караганда, алар жолугушууларда кыргыз парламентинин легитимдүүлүгү, шайлоодогу мыйзам бузууларга байланыштуу маселелерди көтөрүшкөн. Кыргыз тарап шайлоо өткөрүүдө кемчиликтер болгонун, андайларга келечекте жол бербеш үчүн Европарламенттин да салымы керектигин билдирген. Европа парламентарийлери 2007-жылдагы шайлоонун жыйынтыгы расмий жарыяланбаганы түшүнүксүз бойдон калганын белгилешүүдө.(AiT)

XS
SM
MD
LG