Кайсыл жерде мамлекеттин жана исламдын саясаты алсыз болсо ошол жерде тыюу салынган диний агымдар күчтөнө берет. Мындай оюн Баткен губернатору Марат Жумабеков 31-октябрда дин иштерине байланышкан облустук конференцияда айтты. “Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен имам-хатибдердин билим сапаты төмөндүгү, өз милдеттерин так аткара албагандыгы Ваххабизм, Акрамия, Хизбут-Тахрир сыяктуу агымдардын коомдо күч алып жатышына жол ачууда. Ошондуктан тыюу салынган дин жайылтуучуларга каршы тура ала тургандай кылып имамдарды кайра даярдоо курсунан өткөрүү зарыл,” -дейт облус жетекчиси.