Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:00

АКШ: Президент ким болорун арсарлар аныкташы мүмкүн


АКШда шайлоо өнөктүгү аяктарына аз калды. Ошол эле учурда кимге добуш берерин билбей арсарсыган шайлоочулар дале көп дешет. Акыркы күндөрү дал ошолордун ыкыласы үчүн күрөш күчөдү.

Бейшемби күнү демократ Барак Обама - Виржинияда, республикачыл сенатор Жон Маккейн - Огайодо үгүт жыйындарын өткөрүштү. Эки штаттын биринчисинде 1964-жылдан бери демократтардын өкүлү жеңе элек, ал эми экинчиси төрт жыл илгери республикалык партиянын кандидатын колдогон.

Үгүт жыйындарда бул ирет да экономика проблемасы негизги тема болду. Жон Маккейн, атап айтканда, Обама мунай кампанияларын бир катар салыктардан бошоткон энергетикалык мыйзам долбоорун колдоп добуш бергенин эске салып, муну демократ атаандашынын экономикалык иштерде чалагайымдыгы катары көрсөттү. “Эгер мени президент кылып шайлашса, жыл сайын АКШга анчейин ыкыласы жок өлкөлөргө 700 миллиард доллар сарптап, алардан мунай сатып алууну токтотот элек”, - деп айтты Маккейн. Өлкөнүн мунай импортуна көз карандылыгын азайтуу үчүн Маккейн АКШнын деңиз кылааларынан карамай казып алууну көбөйтүү планын сунуш кылып келатат.

Маккейн алдыдагы шайлоону утуп аларына өз тарапкерлерин дагы бир жолу ишендирди. “Мага ачык сөздү айтканга ыракым кылгыла:алдыда беш күн калды. Эксперттер бизди жарыштан алып салышты. Бирок бүгүн кечинде, эртең жана бүрсүгүнү биз кайтып келгенибизди, бул жарышты утуп алганы жатканыбызды аларга көрсөтөбүз”, деп айтты Маккейн.

Атаандашынын сын пикирлерин Обама кулак сыртынан кетирген жок. Маккейн айткан мыйзам долбоорун колдогонун, анткени анда жаңыланма булактардан энергия өндүргөндөр үчүн салык жеңилдиктери каралганын белгиледи. Жаңы эле жарыяланган статдокладда АКШнын ички дүң продукциясы төмөндөп кеткени көрсөтүлгөнүн мисалга тартып, Обама эгер Маккейн президент болуп калчу болсо, анда бул абал азыркыдан да жаман болорун, анткени ал Жорж Буштун саясатын уланта турганын эскертти. “Жон Маккейндин мага асылган сындарына мен бир нече күн чыдай алам, бирок өлкө соңку сегиз жылдагы саясатка дагы төрт жылга туруштук бере албайт”,-деп билдирди Обама.

Соңку иликтөөлөрдө Обама Огайодо Маккейнден төрт, Түндүк Каролинада –алты,ал эми Невадада жети процентке алдыда баратат. Жалпы улуттук масштабдагы социологиялык сурамжылоодо Обаманы шайлоочулардын – 51, Маккейнди – 46 проценти колдошорун билдиришкен.

Байкоочулар 4-ноябрда ыкыбал кимге жылмаярын бир нече штатта алиге чейин ыргылжың абалда турган шайлоочулар чечиши мүмкүн дешет.

XS
SM
MD
LG