Берлиндеги Темпелхоф аэропорту 1948-49-жылдары советтик блокада тушунда шаардын Батыш бөлүгүндө жашаган элди ачкачылыктан куткарып калууда негизги ролду ойногон. Аэропорттун 85 жылдыгына арналган салтанатта немис баш калаасынын мэри Клаус Фоверайт анын экономикалык себептерден улам жабыл жатканын белгиледи. Кечээ түн ичинде аба майдандан акыркы учак асманга көтөрүлдү.