Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 08:16

Ливиянын лидери Муаммар Каддафи Россияга келди


Акыркы жолу Каддафи Москвада СССР ыдырай электе, 1985-жылы болуп кеткен. Орус жетекчилиги менен сүйлөшүүлөрдө энергия жана курал-жарак соодасы сөз кылынмакчы. Апрель айында Россиянын ошол кездеги президенти Владимир Путин Ливияда болгон кезинде өлкөнүн 4,5 миллиард долларлык карызын кечүүгө макул болоорун айткан. Бирок ал үчүн Россия үчүн кирешелүү бир катар келишимдер түзүлмөкчү. “Коммерсант” гезитинин жазганына караганда, Каддафи Россияга Бенгази портунда аскерий база жайгаштырууну сунуш кылышы ыктымал.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG