Дүйнөдөгү эң ири мунай кендеринин бири – Кашаган кени боюнча узакка созулган сүйлөшүүлөр расмий түрдө соңуна чыкты. Расмий Астана жана дагы жети ири отун-кубат компаниясы Каспий боюндагы бул кенди иштетүү боюнча макулдашууга кол коюшту. Ага ылайык “Казмунайгаздын” үлүшү берки алты компаниялардын эсебинен эки эсеге жогорулап, дээрлик 17 пайызды түзүп калды.