4-ноябрда өтө турчу президенттик шайлоого Демократтардан сенатор Барак Обама аттанса, Республикачылардын атынан сенатор Жон МакКейн бактысын сынамакчы. Кыргызстандык талдоочу Аскарбек Мамбеталиев АКШдагы ушул мааниси чоң шайлоо жана ага аттанышкан эки талапкер, алардын жүргүзгөн саясаттары тууралуу "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.
Илим Жанузаков: - Аскарбек мырза, мына 4-ноябрда АКШда президенттик шайлоо болгону турат. Маселен, CNN каналы же андан башка сурамжылоо уюмдары элдин көбү Барак Обаманы колдоорун билдиришкенин айтып жатышат. Кандай ойлойсуз, республикачылардын талапкери Жон МакКейндин дале болсо шайлоодо жеңип чыгууга мүмкүнчүлүктөрү барбы?
Аскарбек Мамбеталиев: - Жон МакКейн азыр 7 пайыздай артта. Бирок менин оюмча шайлоо убагында бардыгы өзгөрүп кетиши ыктымал. Анткени, азыр МакКейнди колдогондор унчукпай турат. Ызы-чуу түшүп аткандардын бардыгы демократтар. Негизи эле АКШда ушундай, унчукпаган көпчүлүк салтка айланган сыяктуу республикачыларды колдошот, а демократтар дайыма кыйкырып турушат. Ошентсе да Жорж Буштун саясатынан АКШ элинин көбү чынында чарчашты. Анын үстүнө мобу кризистин айынан алар өздөрүнүн ички экономикасына көңүл буруп калышты. Ал эми Барак Обама дал ошол ички экономиканы оңдоого басым жасап, көп убада берип аткандыктан, ал турсун мурдагы республикачыл саясатчыларды колдогондор ал тарпка өтүп кетишти. Бирок аягына чейин кимдин утары тууралуу эч ким бир тараптуу айта албайт. Мурдагы Билл Клинтон менен анын атаандашы сыяктуу эң акыркы күнү абал өзгөрүп кетиши мүмкүн.
Илим Жанузаков: - Өзүңүз жакшы билесиз, эгерде Барак Обама шайлоодо жеңип кетсе АКШнын тарыхындагы афроамерикалык биринчи президент болот эмеспи. Бирок айрым талдоочулар АКШда ак түстүүлөрдүн саны көбүрөөк экендигин жана шайлоо учурунда көзгө көрүнбөгөн, жумшак расизм жели жүрүп кетсе Барак Обама утулуп калышы мүмкүн экендигин айтышат. Кандай ойдосуз, бул айтылгандар канчалык деңгээлде негиздүү?
Аскарбек Мамбеталиев: - Негизи АКШда ак расизм бар, бирок ошол эле убакта кара расизм деле бар. Ал тургай кара расизм ак расизмден күчтүүрөөк да болуп баратат. Каралар азиялыктарды, актарды атаандаш катары да көрүшкөн учурлары көп. Маселен, мен АКШда каралар көп жашаган Бруклинде жашап калдым, алар ошол районго кытайлар келип калганда кысым көрсөтүшкөн учурлары да бар. Каралар латын-америкалыктарды деле атаандаш катары көргөндөрү бар. Андыктан, эки жакта тең эле расизм деген нерсе бар. Ошол себептүү Барак Обама жеңилип калса ал расизмдин айынан болбойт, ал демократтардын идеясынан болот.
Илим Жанузаков: - Бул эки талапкерди өз-өзүнчө алып карап көрөлүчү. Булдардын кимиси президент болсо Иран, Ооганстан, Ирак, Орусияга саясаты кандай болорун божомолдоп айтып жатышпайбы. Маселен, Жон МакКейн жеңип калса анын бул өлкөлөргө карата саясаты катаалдашы мүмкүн дешет. Барак Обама президент болсо анын саясаты жумшак болот дешет. Дегеле ушул маселелерге жана Орусиянын таасириндеги Борбор Азияга эки талапкер кандай саясат жасашы мүмкүн?
Аскарбек Мамбеталиев: - Эгер Барак Обама жеңсе, менимче ал согуштардан, Ирак, Ооганстандагы согуштардан баш тартышы мүмкүн. Бирок тез арада, чукул арада аскерлерин алып чыгып же согуштук операциялардын бюджетин кыскартып жибергенге анын баарыбир күчү жетпейт. Анткени президент канчалык күчтүү болгону менен ал жактын системасы абдан туруктуу, анын үстүнө ал жакта биздики сыяктуу жогортон ылдый карай кеткен (вертикалдык) бийлик чоң эмес. Барак Обама жеңсе бизге болгон саясаты мурдагыдай эле кала берет, “демократия болсун” деп эле айтышат. Орусияга болгон саясаты Жорж Буштукунан бир аз жумшак болушу мүмкүн. Ал эми МакКейн жеңе турган болсо ал сөзсүз түрдө Орусияга карата катуу саясат жүргүзөт. Ошону менен бирге Орусияга болгон саясатын катаалдаштырганы менен бизге абдан жакшы көңүл бурулат. Эгер ал жеңип калса демократиябызга көбүрөөк жардам берет.
Илим Жанузаков: - “Азаттык” үн алгысына маек куруп бергениңиз үчүн чоң рахмат!