Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:57

Кыргызстан эл аралык “Жашыл” жарманкеге катышат


2009-жылдын башында 15-22-январда Германияда өтө турган “Жашыл” жарманкеде дүйнөнүн ондогон өлкөлөрү менен катар Кыргызстан да айыл чарба продукцияларын көргөзмөгө алып чыгат. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Арстанбек Ногоев маалымдады. Министрдин айтуусунда көргөзмөгө катышуу өлкөнүн айыл чарба тармагын көтөрүүгө, Кыргызстанда өндүрүлгөн айыл чарба азыктарын алыскы өлкөлөргө экспорттоого мүмкүнчүлүк берет. Кыргызстанга жарманкеге катышууга чакыруу Германиянын ГТЦ долбоору аркылуу берилген. Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Арстанбек Ногоев көргөзмөгө байланыштуу иш-чараларды уюштуруу маселелери менен бүгүн кечке жуук Германияга чыгып кетмекчи.

XS
SM
MD
LG