Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Ички иштер министри кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады


Министрдин милиция кызматкерлерине багытталган куттуктоосун ИИМдин басма сөз кызматы таратты. Министр Молдомуса Конгантиев өзүнүн куттуктоо сөзүндө 80 жылдан ашуун тарыхы бар милиция тармагы дайыма мыйзамга жана элге кызмат кылып келерин айтып, бүгүнкү коомдук тартиптин сакчылары ушул салтты улантуу менен бирге улам жаңы коркунучтардын алдын алып жана жеңип келе жатышкандыгын көрсөтүп кеткен. “Өлкө элдин өмүрүн коргоп калуу үчүн каза тапкан милиция кызматкерлеринин, өзүнүн чыныгы атуулдарын эч качан унутпайт,” деп белгилеген министр. Анда айтылгандай азыркы учурда милиция кызматкерлерине карата коомчулуктун ишеничи кайрадан көбөйүп, эки тараптуу кызматташуу арта баштады. Ички иштер министри куттуктоосунда 1-ноябрь кесиптик майрамы учурунда да милиция кызматкерлери коомдук тартиптин сакчылыгын кайтарып турушкандыгын белгилеген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG