Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июнь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:45

М.Ниязов: Кыргызстанда абал оорлоп баратат


Оппозиция бийликти алууну эмес, өлкөнү саясий-экономикалык кризистен чыгарууну көздөйт, деп билдирди “Азаттыкка” коомдук парламенттин мүчөсү Мирослав Ниязов. Анын айтымында, бүгүнкү коомдук парламенттин жыйынында негизинен мамлекетти үй-бүлөлүк башкаруу эмес, бийликтин элге кызмат кылуусу тууралуу маселе да каралат. "Кыргызстандын акыбалы күндөн-күнгө жаман болуп баратканын оппозициядагылардын көпчүлүгү түшүнүп жатат. Ушул кризистен чыга турган жаңы саясат, жаңы көз караш керек болуп турат. Бүгүнкү күндө өлкө үчүн күйүп-бышкан адамдар чогулуп, учурдагы проблемаларды талкуулайбыз", -деди Мирослав Ниязов. (AJ)

XS
SM
MD
LG