Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:29

Түркияга сапар учурунда үч келишимге кол коюлду


31-октябрда премьер-министр Игорь Чудинов Түркияда расмий сапар менен болду. Анын учурунда И.Чудинов Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдоган менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөр өткөрдү. Сүйлөшүүлөр жыйынтыгы боюнча эки тарап 2010-жылга чейин кызматташуулардын планын бекитишти. Андан сырткары Кыргызстан Коргоо министрлиги менен Түркиянын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабынын ортосунда, эки өлкөнүн Каржы министрликтеринин ортосунда кызматташуулар боюнча келишимдерге кол коюлду. Түрк өкмөт башчысы Режеп Тайип Эрдоган Түркия Кыргызстандын энергетика, туризм жана айыл чарбасына ири инвестиция менен келүүгө даярдыгын билдирген. Бул тууралуу премьер-министрдин басма сөз катчысы Айбек Султангазиев билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG