Кыргызстан менен Эл аралык валюта кору 18 айга эсептелген программа боюнча макулдашууга жетишти. Ал программаны аткаруу үчүн Эл аралык валюта кору 60 миллион доллар бөлөт. Бирок ал келишимди ЭВФтин Аткаруу кеңеши декабрь айында боло турган жыйынында бекитиш керек. Белгилүү болгондой 22-октябрдан тарта 31-октябрга чейин Бишкекте ЭВФтин миссиясы иштеген. Бул тууралуу ЭВФтин Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн бүгүн “Азаттыкка” кабарлашты. Экономикалык программа азык-түлүк, энерго ресурстарга баалардын өсүшү, Токтогул суу сактагычында суунун азайышы менен пайда болгон кризисти жөнгөрүүгө багытталган. Программанын негизги багыты жакырчылыкты кыскартуу, экономикалык өсүшкө көмөктөшүү жана кедейлерди колдоого бурулган.(AiT)