Окумуштуулардын илимий даражасы жана наамы илимий эмгегинин сапатына жараша берилет.Бул тууралуу улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы Алтай Бөрүбаев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, диссертациялык кеңештин жаңы жобосу бекитилди. Эми диссертациялык кеңештин жетекчилери жана эксперттик топтор эки жылдык мөөнөткө шайланып, окумуштуулук даражаларды берүүдө илимий эмгектердин сапатына өзгөчө көңүл бурулат. Бул маселе боюнча бүгүн А.Бөрүбаев маалымат жыйынын өткөрөт.(AJ)