Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:28

АКШ: Тандоо мезгили


Барак Обама жана Жон МакКейн
Барак Обама жана Жон МакКейн

Бүгүн АКШда шайлоочулар кезектеги президентин тандашмакчы. Белгилүү болгондой бул жолу демократтардан 47 жаштагы Барак Обама менен республикачылардан 72 жаштагы Жон МакКейн ат салышууда.

Шайлоонун акыркы күндөрүндө ар кыл уюмдар жүргүзгөн сурамжылоолордо сенатор Б.Обама атаандашынан алдыга озуп чыгып, АКШнын тарыхында биринчи жолу авроамерикалык адам президент болгону калганы айтылган. Ошентсе да өздөрүнүн оюн ачык билдирбей турушкан АКШнын орточул жарандары шайлоого келгенде баарыбир сенатор Жон МакКейнди тандашары, андыктан Б.Обама утулуп калышы толук ыктымал экендиги айтылууда.


Талдоочулар АКШдагы бул жолку президенттик шайлоо, бул - өлкөнүн тарыхындагы эң эле кызыктуу жана абдан жогорку чыңалуудагы шайлоо болгону турганын айтышкан. Мына ошол ары кызыктуу жана айыгышкан ат салышууга бүгүн чекит коюлуп, АКШлыктар өздөрүнүн кезектеги президентин танташмакчы. Сурамжылоолор боюнча Барак Обама атаандашы Жон МакКейнден 7 пайыздай озуп чыгары болжолдонгону менен шайлоонун акыркы күндөрүнө чейин эки талапкердин кимиси жеңип чыгарын так кесе айтуу эч мүмкүн болбоду. Анткени, туруктуулукту жана АКШнын саясий тарыхындагы калыптанып калган салттардын бузулушун каалабаган орточулдар өз тандоосун ачык айтышпаганы менен Барак Обаманын президент болушу “өтө чукул бурулуш” болот дешип, Жон МакКейн тарапка ыктап турушканы айтылууда.

Барак Обама жаш, интеллигент, энергиясы ашып-ташкан күчтүү саясатчы болгону менен анын афроамерикалык болгону жана өмүр баянындагы айрым учурлар биринчи кезекте дал ошол орточулдарды эки анжы кылууда дешет. Мындан мурдараак Барак Обама бала чагында, Индонезияда жашап жүргөн кезинде радикалдык медреседе окуганы тууралуу айтылып, андай маалыматты демократтардын штабы четке каккан. Анын үстүнө бир курдай Б.Обама өзү студент кезинде маң заттарын колдонгонун мойнуна алганы бар. Тескерисинче эс алуудагы аскер адамы, согуштун ветераны жана туткуну, бай саясий тажрыйбасы бар Жон МакКейндин өмүр баяны олуттуу көрүнгөнү менен кыйлага барып калган жашы айрым суроолорду туудурууда.

Саясат талдоочу Аскарбек Мамбеталиевдин баамында, ар түркүн пикир айтылганы менен мындай кызыктуу түйүн урналарга түшкөн бюллентендерди саноодон кийин гана чечилет:

- Мурдагы Билл Клинтон менен анын атаандашынын ортосундагы болгон ат салышуу сыяктуу эң акыркы күнү абал өзгөрүп кетиши мүмкүн. Ошондуктан аягына чейин ким жеңерин эч ким айта албайт.

Айрым саясат талдоочулар, эгер Барак Обама президент болуп калса тышкы саясатта тажрыйбасынын жоктугунан жана эң алгачкы кара түстүү президент болгондугунан улам чөйрөсүнө көбүрөөк көз каранды болот дешсе, Жон МакКейн президент болгон учурда Орусия, Иран, Ирак сыяктуу маселелерде чечкиндүү чараларды көрөрүн, анан классикалык консерватор бийликке келерин айтышат.

Дагы бир жагдай, Барак Обама шайлоо алдында убада кылгандай АКШнын ички социалдык маселелерин чечүүгө көбүрөөк басым жасай турганын, ал арада Орусия сыяктуу мамлекеттер менен мамилеси жумшарары айтылса, Жон МакКейн аскер адамы катары дүйнө түзүмүнө көңүл буруп, Орусия сыктуу мамлекеттер менен мамилесин ачыктап, Борбор Азия чөлкөмү сыяктуу өлкөлөрдө демократиянын орношуна басым жасайт дешет.

Эл аралык байланыштар жана жарандык коомду өнүктүрүү боюнча адис Улан Жуманаевдин айтымында, либералдык жана демократтарды колдогон уюмдардын жана маалымат каражаттарынын сурамжылоолору туура чыкпай калышы толук ыктымал. Андыктан, талапкерлердин кимиси жеңерин айтуу кыйынга турат:

- Жон МакКейн тышкы саясатта абдан тажрыйбалуу, көптөн бери саясатта бышкан адам. Анын жашы гана кыйлага барып калды, ошентсе да аскер адамдары, дегеле консерваторлор бүт колдошот. Ал эми Барак Обама күчтүү саясатчы болгону менен тышкы саясатта тажрыйбасыз, анын дал ушул жагын сындап атышат. Бирок АКШдагы акыркы каржылык кризис Б.Обамага көп мүмкүнчүлүк берип койду. Эми баарыбир так кесе бир нерсе айтыш кыйын. АКШда ошол себептүү демократия күчтүү, акыркы мүнөттөргө чейин эч ким биле албайт. Менимче, Барак Обаманы маалымат каражаттары канчалык жакшы көргөзүп жатканы менен Жон МакКейн утуп кетиши мүмкүн.

XS
SM
MD
LG