Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:25

Эсеп палатасы министрликтерде текшерүү жүргүзөт


Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш жана адам укуктары боюнча комитети бир катар министрликтердин 2008-жылдагы республикалык бүджетин кандай пайдаланганын Эсеп палатасынын текшерип чыгуусу боюнча чечим кабыл алды. Анда Адилет министрлигин, Мамлекеттик кызмат агенттигин, Акыйкатчы институтун, Башкы прокуратура жана Аскердик прокуратураны текшерүү сунушталган. Текшерүүнүн жыйынтыгы келерки жылдын 1-майында комитетке тапшырыла турган болду. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG