Линктер

дүйшөмбү, 21-август, 2017 Бишкек убактысы 18:09

И. Болжурова: Мугалимдер коомдун колдоосуна муктаж


Билим берүү жана илим министри Ишенгүл Болжурова мындай пикирин бүгүн кыргыз басма сөз күнүнө карата журналисттерди куттуктап жатып билдирди. Министр айым медиа өкүлдөрүн кыйын шартта иштеп, арзыбаган маяна алып балдарды тарбиялап жаткан жаткан мугалимдердин коомдо зоболосун көтөрүп, алардын көйгөйлөрүнө кайдыгер карабоого чакырды. И. Болжурова андан соң айрым журналисттерге кесипттик майрамына карата сыйлык тапшырды. Алардын катарында “Азаттыктын” кабарчысы Элеонора Бейшенбек кызы өлкөнүн билим берүү системасын өнүктүрүүдөгү салымы, бул жаатта ачык-айкын, толук маалымат берип келгендиги үчүн ардак грамота менен сыйланды. (AzK)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG