Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:37

“ЭрК” 16-декабрда нааразылык акциясын баштайт


“Эркин Кыргызстан” партиясы азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына каршы 16-декабрда нааразылык акциясына чыгууга өлкө атуулдарына чакырык таштады. Бул тууралуу “ЭрК” партиясынын лидери Турсунбай Бакир уулу кечээ маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, мамлекетти экономикалык жана социалдык туңгуюкка, кедейликтин сазына батырбоо, кландык жана коррупциялык башкарууга жол бербөө максатында облустун борборлорунда жана Бишкек шаарында нааразылык акциясы өтөт. Ошондой эле Элдик революциялык кыймыл дагы 18-ноябрда Талас шаарынын борбордук аянтында жалпы элдик курултай өткөргөнү жатат.(AJ)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG