Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

НАТО Орусиянын планынан олуттуу тынчызданат


НАТО Орусиянын Еврошаркет өлкөлөрү курчаган анклавы - Калининград облусунда ракеталарды жайгаштыруу планына олуттуу тынчыздануу билдирди. Орус президенти Дмитрий Медведев кечээ Федералдык Кеңеште жасаган кайрылуусунда муну АКШ ракетадан коргонуу боюнча системасынын жабдууларын Европада жайгаштыруу планына жооп чара катары мүнөздөгөн. АКШ Мамлекеттик департаментинин өкүлү Шон Маккормак Орусиянын кадамын "көңүл калтырарлык" деп баалап жана АКШнын ракетадан коргонуу системасы Орусияга каршы багытталбаганын кайрадан билдирди. Москванын планын Калининградга чектеш Литванын президенти Валдас Адамкус жана АКШнын антиракеталык радары жайгаштырылуучу өлкө -Чехиянын тышкы иштер министрлиги сынга алды.

XS
SM
MD
LG