Президент Карзай бейкүнөө адамдардын өлүмү эки өлкөнүн мамилелерине көлөккө түшүргөн олуттуу маселе экенин белгилеп, АКШнын жаңы шайланган президенти Барак Обаманы ага көбүрөөк көңүл бурууга үндөдү. Бадгис чөлкөмүндөгү соңку чабуул талип согушкерлери америкалык жана оогандык аскерлердин колоннасына кол салгандан кийин орун алганы кабарланууда.