Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:25

Жоолукчандар үчүн окууга жол жокпу?


Жамал Фронтбек кызы мусулман аялдардын таламын талашып келатат.
Жамал Фронтбек кызы мусулман аялдардын таламын талашып келатат.

“Манас” университетинде жоолук салынган кыздарды сабакка катыштырбай чыгарып жиберишкен. Алардын укугун коргоо максатында “Мутакаллим” мусулман аялдар коому жогорку бийлик башчыларына кайрылды.

Кыргызстандагы “Мутакаллим” мусулман аялдар коомунун төрайымы Жамал Фронтбек кызы Кыргыз Республикасынын Президентине, Кыргыз өкмөтүнө жолдогон каты тууралу буларды айтты:

- Кыргыз-түрк “Манас” университетинин түркиялык Угар Унан деген проректору бар. Ошол киши өткөн окуу жылынан бери жоолукчандарды сабакка киргиздирбей жатат. Катта башка өлкөлөрдүн жарандары эмне үчүн биздин студент кыздардын укугун тебелеп жатышат, демократия деген, дин эркиндиги деген каякта деп жаздык.

Кыргыз-түрк “Манас” университетинин проректору Угар Унан сабактан чыгарып жибергендердин бири – Бактыгүл Мамбеталиева. Ал жоолугу эмне себептен тоскоол болуп жатканын алигиче түшүнө албай келет. Дайындап койгондуктан, университеттин кароолчулары да аны көп жолу университетке киргизбей коюшкан. Азыр убактылуу сабакка катышып жатат. Бирок эртең кайра баягы нерсе кайталанабы деп кабатырланат.

Билим берүү жана илим министрлигинин жооптуу кызматкери Жаңыл Абаеванын айтуусунда, жоолук салынгандарды жогорку окуу жайларында сабакка катыштырбоо боюнча министрликтин эч кандай көрсөтмөсү жок.

Кыргыз-түрк “Манас” университетинин жогоруда аты аталган проректору менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк болбоду. Ал эми ошол университеттин профессору Лайли Үкүбаева Кыргызстан динге негизделген мамлекет болбогон соң бул маселеде башаламандыкка жол берилбеш керек деп эсептейт:

- Билим берүү министрлиги ушундай баш аламандыкка, өзүм билемдикке мыйзамдуу тыюу салып койбосо болбой калды. Кыргызстанда эмне көп – дин көп, алардын баары эле анан өз диндери ылайык көргөн кийимдерди кийип келе беришсе университетибизде кандай көрүнүш болот? Биздин университет диний университет эмес да.

Гендер маселеси боюнча эксперт Топчугүл Шайдуллаева да динге негизделбеген өлкөдөгү диний эмес жогорку окуу жайларында студенттер кадыресе эле кийимдер менен жүрүүсүн эп көрөт.

Ал эми “Мутакаллим” мусулман аялдар коому жакында дал ушул талаш-тартыш маселени талкуулаган тегерек үстөл уюштурууну, ага түрдүү министрлик өкүлдөрүн, студент кыздарды, дин адамдарын чакырууну мерчемдөөдө.

XS
SM
MD
LG