Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:01

Шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча сунуштар берилет


Шайлоочулардын укугун коргоо боюнча атуулдук уюмдардын кошууну 6-ноябрда Бишкекте жергиликтүү кеңешке депутаттарды шайлоонун жыйынтыгын талкуулады. Талкууга Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрү, Бишкек шаар кеңешинин депутаттары жана депутаттыкка талапкер болгондор катышты. Анын жүрүшүндө 5-октябрдагы шайлоодо бир топ мыйзам бузуулар орун алгандыгы дагы бир жолу белгиленди. Добуш берүүнүн жыйынтыгын бурмалоо, байкоочулар институтунун кыл кырында калышы, шайлоо комиссияларынын өз алдынча чечим кабыл алалбастыгы, соттордун адилетсиздиги сыяктуу урунттуу көйгөйлөр белгиленди. Бул жаатта чечкиндүү чаралар аракеттер көрүлүшү керектиги айтылды. Талкууга катышкандардын көпчүлүгү Шайлоо тууралуу кодексте бир топ карма-каршылыктар бар экенин белгилеп, кодекс олуттуу өзгөртүүгө муктаж деген чечимге келишти. Ушундан улам атайын жумушчу топ түзүлүп, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү киргизүү үчүн сунуштарды иштеп чыкмай болду. (EBM)

XS
SM
MD
LG