Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:56

Революция күнүнө карата Ленин эстелигинин жанында митинг өттү


Иш-чараны К.Ажыбекова башында турган Коммунисттик партия, “Америкалык базаны Кыргызстандан чыгаруу” кыймылы жана “Айкөл Манас жана Сергий Радонежский” фондусу уюштурушту. Фондуун президенти Игорь Трофимовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, митингде 1917-жылдагы революция тууралуу маалыматтар айтылды. Ошондой эле катышуучулар өлкөдөгү энергетика тармагындагы абал тууралуу сөз кылышып, бийликти энергетикалык объектилерди менчиктештирүүнү токтотууга чакырышты. Мындан тышкары америкалык аскерий базаны Кыргызстандын аймагынан чыгаруу талабы дагы бир жолу айтылды. Бардыгы митингге кыркка жакын адам катышты. (MSu)

XS
SM
MD
LG