Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:15

“Мурат, сөз эркиндигине тийишпе!” акциясына эки адам катышты


Бүгүн УКМКнын маңдайында өткөн акцияга укук коргоочу Максим Кулешовду колдоп “Жашылдар” партиясынын жаштар канатынын өкүлү да катышты. Алар “Мурат, эсиңен чыгарба, сенин тандооң-сенин ишиң!” деп жазылган баракчаларды имараттын кире бериш жерине чаптап башташканда, УКМКнын кызматкери чыгып, баракчаларды чаптоону токтотууну талап кылды. УКМК кызматкери ошондой эле акциянын жүрүшүн чагылдырганы барган эки журналистти сүрөткө тартпагыла деп, алардын документтерин алып, убакыт өткөн соң гана кайтарып берген. Аталган акция “Дело№” гезитинин журналисти Вадим Ночевкиндин УКМКга суракка чакырылышына байланыштуу уюштурулду. (MSu)

XS
SM
MD
LG