Кеп баарыдан мурда бу жерде Буштун администрациясынан Ак үйдүн жаңы кожоюнуна кала турган оор мурастар, атап айтканда, экономика жана финансы чөйрөсүндөгү кризис, Ирактагы жана Ооганстандагы согуш, Иран проблемасы, ошондой эле Россия менен кыйчалыштап кеткен мамилелер тууралуу болуп жатат.
Райс университетинин профессору Эрл Блэк, мисалы, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө Обама америкалыктарга көп убадаларды берип, аларды өтө эле үмүткөр кылып койгонун белгиледи жана муну жаңы президент үчүн башкы чалкештиктердин бири болот деп эскертти. Жорж Вашинггтон университетинин тарых профессору Лео Рибуффо болсо жаңы президентке экономикада, социалдык чөйрөдө ишти ири долбоорлордон баштоого кеңеш берди.
Вашингтондогу демократия институтунун директору Патрик Башам да азыр Обамага жупуну бир программа түзүп, буйдалбастан ишке киришип жатканын элге көрсөтүшү керек деген ойдо. Бирок ички турмуштагы өзгөрүүлөр көп жагынан аскери чыгымдарга жараша болот. Эгер Иракта аскерлер кыскартылса,бул өкмөткө ай сайын бери дегенде 10 миллиард доллар каражатты үнөмдөгөнгө шарт түзмөк. Экинчиден, мындай кадам АКШнын беделин кайра бекемдегенге өбөлгө болмок.
Профессор Рибуффо америкалык аскерлердин баары чыгарылса жакшы болот эле дейт. Бирок айрым бөлүктөр инструкторлор катары Иракта калып, кырдаал тынчыганча жергиликтүү өкмөткө жардамдашат сыяктанат.Кандай болгон күндө да бул маселени Обама өзү айткан мөөнөт ичинде биротоло чече албайт болуу керек.
Патрик Башам жаңы өкмөттү Ирактан үнөмдөлгөн күчтөрдү кайра Ооганстанга сарптоодон сактандырат. Мындай учурда согуштун наркы эки эсе жогорулайт. Бул аз келгенсип Пакистан менен мамилелер кыйындап кетиши ыктымал. Обама ооган проблемасында европалык союздаштарга деле көп үмүт кыла албайт шекилди, анткени алардын көбү өз жоокерлеринин ооган жериндеги уруштарга тартылышын каалабайт, анын үстүнө финансылык каатчылыктан улам аскери контингентин чыгарып кеткиси келет. Айрымдары муну быйыл эле, башкалары эмдиги жылы жаздан ары баштаганы жатышат.
Обамага иран проблемасында да оңой болбойт. Иран жетекчилери кандай болгон күндө да атомдук программасынан баш тартышпай турганын ырасташууда. Тегеран лидерлери менен тикелей сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тууралуу Обаманын планы АКШнын региондогу союздашы Израилдин чоң камтамачылыгын жаратты.
Акырында Россия менен АКШнын мамилелери начарлап кетти. Москвалык эксперт Александр Гольц адатта орус лидерлери АКШдагы президенттик шайлоодон кийин Вашингтондун адресине сын-пикир айтчу эмес эле дейт. Медведев ошол салты бузду, ага кошо АКШга каршы жаңы чаралар көрүлө турганын жарыялады.
АКШнын Украиндагы мурдагы элчиси Стивен Пайфер эки ортодогу алакалардын чоң проблемасы деп Россияда айрым жетекчилер АКШны душман катары кабыл ала баштаганын атады. Баары деп айтыш кыйын, бирок Кремлде АКШ менен мамиле канчалык начарласа, ички саясат үчүн ошончолук жакшы деп эсептеген топ бар. Бардык балекетти, анын ичинде азыркы финансылык кризисти да АКШдан көргөн адат күч алды. Мунун баары кансыз согуш маалындагы маанайды эске сала баштады.
Ушул мааниде алганда Обамага эки тараптын мамилесин оңдоо жеңил болбойт өңдөнөт.