Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:46

"Ата бейит" - каар замандын эстелиги


Бүгүн “Ата Бейит” мемориалдык комплексинде мындан 70 жыл илгери Сталиндик репрессияга туш болгондорду эскерүү митинг-реквием болду.Бул жерде 1938-жылы 8-ноябрда бейкүнөө атылган атылган 137 адамдын сөөгү көмүлгөн.

Митинг-реквием “Ата Бейит” мемориалдык комплексине гүл коюу, салют атуу менен коштолду. Бул эскерүү жыйыны жакындары атылып, сөөгү “Ата Бейитке” көмүлгөн адамдардын бир кездеги кайгы-муңун кайра бир эске салып, репрессия деген коркунучтуу көрүнүш тууралуу ага катышкан студент менен окуучуларга учкай да болсо маалымат бергендей болду. Анткени, митинг-реквиемге жакындары атылган 20га жакын адам барып, ата-агаларынын бир түндө дайынсыз жоголгондо көргөн азап-тозогун эске салышты. Алардын бири, атасы Мурат Салихов репрессияда атылганын жана өзүнүн ата-теги ким экендигин билбей жүрүп, кийин атасынын сөөгү “Ата Бейитте” экендигин билген Атыркүл Салихова мындай дейт:

-Атабыздын сөөгү кайда көмүлгөндүгүн агам Салихов Кубат экөөбүз 50 жылдан ашык мезгил бою билген эмеспиз. Мен болсо 17 жашка чейин өзүмдүн ким экенимди билбей, башка бирөөнүн фамилиясы, аты менен жүргөм.

Ал эми кыргыздын мыкты уулдарынын бири Төрөкул Айтматовдун кызы Роза Айтматова бул окуянын болгонуна 70 жыл болсо да Кыргызстан боюнча репрессияга канча адам кабылып, канчасы атылганы али күнчө талктала электигине кабатыр. Анын баамында, бул күндү жыл сайын белгилөө менен катар кандуу окуяга түрткү болгон жагдайлар жана анын кесепеттери тууралуу кийинки муун жакшы билиши үчүн ырааттуу иш-чараларды өткөрүү зарыл:

-Мен да Кыргызстан боюнча канча адам репрессияланганын билбейм. Мурун 40 миң адам кабылган деп уккам, бирок бая күнү ушул окуяга арналган конференция болду. Ошондо тарыхчы окумуштуулар 80 миң адам атылган деп айтышты.Кайсынысы болсо дагы жакшы иликтөө керек. Анан бир гана 8-ноябрда белгилеп коюп жүрө бербестен бул жөнүндө дайыма айтыш керек. Жогорку окуу жайларда жаштарга маалымат жетиш керек. Жаштар укпаса, билбесе “ Ата Бейитти” ойноп-күлө турган жер экен деп жүрө беришет да! Ошон үчүн атайын программа керек жана ага ылайык биринчи кезекте тарых сабагынан окутулуш керек.

Ал эми репрессияга дуушар болгон адамдардын сөөгү азыркы Ата Бейитке көмүлгөндүгүн Кыргызстан эгемендик алганда алгачкы ирет айтып чыккан 81 жаштагы Бүбүра Кыдыралиева тарыхый маалыматтар жана ага катышы бар адамдар унутта калып жаткандан кийин бийликтин же коомдук уюмдардын репрессия тууралуу ырааттуу иш-чараларды өткөрүшүнө күмөн:

-Бала кезимен бери канча жыл азап тартып, канчалык чоң сырды катыш кандай тозок! Арбактардын ошол жерде жатканын ойлогондо тамак иче албай, уктай албай ооруп, тиги дүйнө кетип калсам сыр бойдон кошо кетеби деп атам байкуш кыйналып, айтайын десе туугандарынан коркуп ошончо жыл айта албай кыйналды. Анан айтылгандан кийин сөөктөрдү кайра көмүүдө мени чакырышкан жок.Ушинтип казылды деп ырахмат айтышкан да жок. Бир гана Коопсуздук комитетинин төрагасы Анарбек Бакаев өзү алып барып ыраазылык билдирди. Ал эми Аскар Акаев болсо “Эрдик” деген медаль берди. Бирок, ал жеңилдик алганга жарабаган сыйлык экен. Ошондо темирден көрө бир мүшөк ун берсеңер бир ай нан жебейт белем деген сөзүм кайра өзүмө жоо болду. Эми ушул 70 жыл болуп аткандагы митингге чакырбагандан кийин менин да керегим жоктур...

Репрессиянын Кыргызстандагы курмандыктары тууралуу маалыматтарды алгач ирет иликтеген легендарлуу парламенттин депутаттык комиссиясынын мүчөсү Мар Байжиев бул кандуу мезгил жөнүндө кийинки муун таанып-билүүсү жана аны кайталоого жол бербеши үчүн атайын билим берип, мекен сүйүү сезимди терең калыптандырууну сунуштайт:

-Жаш муундарга муну окутуш керек. Кино чыгарып, анда момундай мыкты адамдар болгон, момундай иштерди жасап, момундай запкы көргөн деп көрсөтпөсөк жаштар дайыма эле азыркыдай жыргап жүргөн экенбиз деп ойлошот. Анткени, кандай түйшүк, кандай трагедия менен Манастан баштап ушул эгемендүүлүккө жеткенибизди жаштар билиши керек. Ошондо патриоттор көбүрөөк болот. Болбосо бирөө кыңк этсе эле чет мамлекетке качып барып, бирөөнүн чокою менен дааратканасын тазалап жатышпайбы! Менин оюмча, кыргыз жаштарынын бедели жогору болуш керек.

XS
SM
MD
LG