Бул тууралуу Бирикке улуттар уюмунун өнүктүрүү долбоорунун Бишкектеги өкүлчүлүгү билдирет. Маалыматка ылайык, “Жаштардын өлкөнү өнүктүрүүдөгү ролу” деп аталган биринчи улуттук жаштар конференциясында, жаштар саясатынын концепциялык долбоору, жаштардын маанилүү маселелери талкууланмакчы. Ошондой эле жаштар саясатында өздөрүн көрсөтө алган демилгелүү жаштарга президенттин администрациясы ардак грамоталарды тапшырмакчы. Конференцияга президенттин администрациясынын төрагасы Медет Садыркулов жана Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү долбоорунун ыйгарым укуктуу өкүлү Нил Уокер катышмакчы. (IJz)