Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:52

Жаңырган жуманын маданий окуялары


16-17-ноябрда Мирбек Иманбеков жеке концертин тартуулайт.

Ырчынын продюсери Асыл Аппасованын айтуусунда бул иш-чара студенттердин майрамына арналат. Бул кече менен катар эле Бишкекте бул жумада жаш ырчылар Нена жана Нэля жеке концерттерин тартуулашат.


“Манас” кинотеатрында Рысбай Исаковдун сценарийи боюнча тартылган “13 жашар баланын арманы” фильми сунушталууда. Тасма үй-бүлө ичиндеги көйгөйлүү маселелерге арналган. Бул чыгарма алгач эл ичине ыр түрүндө тарап, көпчүлүктүн көңүлүн бурган. Тасмада белгилүү артистерден Шайыр Касымалиева, Марат Козукеев ойногон.

Улуттук китепканада улуу акын Осмонкул Бөлөбалаевдин туулган күнүнүн 120 жылдыгына арналган көргөзмө өтүүдө. Бул көргөзмөдө акындын эмгектери, ал тууралуу жазылган материалдар, замандаштарынын эскерүүлөрү коюлган.

Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде “Сүрөтчүлөр уюмуна” мүчө кыл калем чеберлеринин “Мөңгүлөргө арзуу” аттуу көргөзмөсү өтүүдө. Анда онго жакын сүрөтчүнүн экология темасында тартылган эмгектери коюлган. Уюштуруучулардын айтуусунда көргөзмөгө коюлган сүрөттөр сатыкка да чыгарылат.

Мындан сырткары борбордогу мемориалдык музейлерде үзгүлтүксүз туруучу экспозициялар өтүүдө. Мисалы көрөрмандар кыргыздын биринчи айкелчи айымы Ольга Мануйлованын үй музейине барып, анын чыгармачылык жолу тууралуу маалымат алышса болот. Ошондой эле Искак Раззаков, Аалы Токомбаевдын мемориалдык музейлери да күнүнө иштейт.

XS
SM
MD
LG