Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:20

Жалал-Абатта электр каатчылыгы нааразылык жаратууда


10-ноябрда Жалалабатта электр жарыгын иштетүү маселеси талкууланды. Мэриянын жыйынында өткөн он күндө ноябрь айы үчүн шаарга бөлүнгөн электр тогунун тең жарымы иштетилип кеткени белгилүү болду. “Жалалабатэлектро» ишканасынын өкүлү түнкүсүн өчүрүлсө да, ай бүткөнчө электр кубаты шаарга жетпей калышы мүмкүндүгүн айтты. Шаар тургундары министр Сапарбек Балкыбеков 3-ноябрдан кийин өлкөдө тегиз өчүрүүлөр болбойт деп маалымдап, ишендиргенине карабай, карызы бар - жогу менен эсептешпей, Жалалабатта жарык элге толук берилбей, ооруканаларга кеткен электр зымдарына туташкан чондордун үйлөрүндө жарык өчүрүлбөгөнүнө нааразы болушууда. Шаар мэри Тилек Акамбаев ооруканалар менен мектеп жана балдар бакчаларын жарык жана жылуулук менен камсыз кылууну тармак өкүлдөрүнө милдеттендирди (YA).

XS
SM
MD
LG