Биринчи май райондук соту “Демократиянын көчө сабактарынын” эки катышуучусуна байланышкан арызды караганы жатат. Укук коргоочу Максим Кулешов менен “Жашылдар” партиясынын мүчөсү Каныбек Самаков "Митингдер жана жүрүштөр жөнүндөгү" мыйзамдын 392-беренесин бузду деп кармалышкан. 10-ноябрда алар Коопсуздук Комитетинин имаратынын алдына экинчи ирет акция уюштурушкан. Биринчиси 7-ноябрда өткөн. Буга “Дело №” гезитинин кабарчысы Вадим Ночевкиндин Коопсуздук Комитетине чакырылышы, төрага Мурат Суталиновдун 11-класстык билим берүүнү 6-7-класска чейин кыскартуу жөнүндөгү пикири түрткү болгон. (BuS)