Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:34

Н.Сулайманов: Авиа кырсыкка адамдык фактор күнөөлүү


Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министри Нурлан Сулайманов бүгүнкү маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Боинг-737 учагынын кыйрашын иликтеген мамлекеттер аралык авиациялык комитет тыянагын кырсыкка адам фактору себепкер деп чыгарган. Кырсыктан кийин экипаждын командири Юрий Гончаров камакка алынган. 24-августта Бишкек-Тегеран багытындагы Боинг-737 учагы “Манас" аба майданына жакын Жаңы-Жер айылынын жанында кулап түшүп, учактагы 90 кишинин 65и мерт болуп, учактын экипажы аман калган. Күйүктөн жаракат алып Москванын ооруканасына жеткирилген бир өспүрүм бала кийинчерээк ооруканадан каза болгон. (AJ)

XS
SM
MD
LG