Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:14

Китепканалар китеп сактоочу жай гана болуп калды


Бул тууралуу ЖКнын билим берүү, илим, маданият жана маалымат саясаты боюнча комитетинин бүгүнкү жыйынында айтылды. Анда “Китепкана иши жөнүндө” мыйзамдын аткарылышы талкууланып, он беш жылдан бери китепканаларга мамлекеттен колдоо көрсөтүлбөгөндүгү, андагы китептердин 60-80 пайызы эски экендиги белгиленди. Жыйын соңунда комитет мүчөлөрү китепканаларга 2009-жылдын бюджетинен 5 миллион сом бөлүү демилгесин колдоп чыгышты. Учурда республика боюнча 1401 китепкана болсо, алардын 335и оңдоп-түзөөгө муктаж, дагы отузу авариялык абалда.(AzK)

XS
SM
MD
LG