Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:59

Сот укук коргоочу Максим Кулешовго эки миң сом айып пул такты


Бүгүн Биринчи май райондук соту “Демократиянын көчө сабактарынын” эки катышуучусуна байланыштуу арызды карап, “Жашылдар” партиясынын мүчөсү Каныбек Самаковду актады. Ал эми укук коргоочу Максим Кулешовго эки миң сом айып пул такты. 10-ноябрда алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин имаратынын алдына акция уюштурушуп, “Дело №” гезитинин кабарчысы Вадим Ночевкинди аталган комитетке суракка чакырууну токтотуу талабын коюшкан. Ошондой эле алар УКМК төрагасы Мурат Суталиновдун он бир класстык билим берүүнү 6-7-класска чейин кыскартуу жөнүндөгү пикрине нааразы болушуп, шаар тургундарынан кол чогултушкан. Аларды Биринчи май райондук милиция кызматкерлери кармап кетишип, "Митингдер жана жүрүштөр жөнүндөгү" мыйзамдын 392-беренесин бузду деген айып тагып, ишти сотко жолдошкон болчу. (AJ)

XS
SM
MD
LG