Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Гуантанамо Бэй абагы дагы бир талаш жаратты


Кээ бир кабарларга караганда Кошмо Штаттардын жаңы шайланган президенти Барак Обаманын жардамчылары Гуантанамо Бэйдеги түрмөнү жабууну көздөшүүдө. Обаманын командасы эч кандай чечим кабыл ала электе эле терроризм үчүн шектелген адамдарды кармоо маселеси талаш тартыш жаратты.

Президенттик кампаниянын жүрүшүндө Обама Гуантанамо Бэйдеги кармоочу жайды жабууга убада берип келген.

Америкалыктардын көбү терроризм үчүн шектелген адамдар кармалган андай жай АКШнын юридикалык практикасына каршы келет жана өлкөнүн адам укуктары чөйрөсүндөгү аброюна шек келтирет деп санашат.

Абак өлкөнүн сыртында, атап айтканда Кубада жайгашкандыктан, туткундар АКШнын жарандык же аскерий мыйзамдарында каралган укуктарга ээ боло алышпайт.

Түрмө Буш администрациясы тарабынан Ооганстан, Ирак жана башка жерлерде туткундалган “ал-Кайидачы”, башка согушкерлерди кармоо үчүн негизделген. Учурда абакта 225 адам отурат.

АКШ бийлиги туткундардын айрымдары өтө кооптуу деген жүйөө менен аларды сотсуз кармоону улантууда.

80 чактысы Гуантанамодогу аскерий трибунал тарабынан терроризм үчүн соттолгону турат.

Дагы 50гө жакын адам бошотулууга тийиш деген бүтүм чыгарылганы менен, алар камакта кала берүүдө. Эмне дегенде Вашингтон алар мекенине кайтарылса, дароо эркин кылынат деп чочулайт. Кээ бирлерин болсо өз өлкөлөрүндө кабыл албай коюшкан.

Буш администрациясы Гунтанамо абагын жабууну каалап жатканын ырастаганы менен, адегенде терроризм үчүн шектелген адамдарды кармоонун башка жолун табуу керектигин айтууда.

10-ноябрда Ак-Үйдүн басма сөз катчысы Дана Перино (Dana Perino) туткундарды аскерий трибуналда соттоого жол ача турган процесс башталганын билдирген.

Анын алдында Обаманын жардамчылары Гуантанамо түрмөсүндө кармалган адамдарды АКШнын юридикалык системасына өткөрүүнү көздөп жатышат деген кабар тараган.

Андай болгондо туткундар АКШнын Конституциясында каралган укуктарга ээ болушат жана суракка алуунун сынчылар кыйноо деп атаган техникаларын колдонууга чекит коюлмакчы.

Ассошейтед Пресс Обаманын жардамчыларынын бейрасмий маалыматына шилтеме жасап кабарлагандай, президент өтө кыйын учурлар үчүн жаңы сот структурасын сунуш кылат деп күтүлүүдө.

Юристтер терроризм үчүн шектелген адамдарды кадимкидей кылмыш сотунда соттоо кыйын дешет. Андай сот процесстери ачык өтөт, айыпталган киши аны күнөөлөгөндөр менен жолугушууга, ага каршы келтирилген далилдерди угууга укуктуу.

Бирок терроризмге байланышкан сот процесстеринде коопсуздук органдарынын адамдары террорчулардын арасына кантип киргизилген жана башка ушул өңдүү жашыруун маалыматтарды ачык айтууга болбойт.

Обаманын демилгеси жөнүндө кабар тараары менен, анын тышкы саясат боюнча кеңешчилеринин бири билдирүү жасады. Денис МакДонаф (Denis McDonough) туткундарды соттоо жолдору жөнүндө эч кандай чечим кабыл алына электигин айтты.

Гунтанамо абагы жабылышы ыктымал деген маалыматты саясий лидерлер ар кыл комментариялашууда.

Сенаттын юридикалык комитетинин мүчөсү Жон Корнин (John Cornyn) терроризмди кадыресе кылмыш катары кароо чоң ката болмокчу деп эскертет. Түрмөнү жабууну жактагандардын айрымдары да жаңы сот структурасы карама каршылыкка алып келиши ыктымал деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG