Пакистандын Пешевар шаарында жан кечти жардырган бомбадан 4 адам мерт болуп, бери эле дегенде он адам жараат алгандыгы кабарланды.
Жан кечти 25 миң көрүүчү чогулган стадиондун кире беришинде өзүн өзү жардырган. Пакистандын түндүк-батыш чегара аймагынын ордо калаасы Пешевар талиптедин өзгөчө активдүүлүгү менен белгилүү.