Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:07

Борбор Азиялык шайырлар Бишкекте ыр жаздырып жатышат


Ушул тапта Кыргызфилм студиясында борбор азиялык шайырлардын чыгармалары үн тасмага түшүрүлүп жатат. Бул ыр-күүлөр Нарындагы борбор азиялык университеттин музыка таануу бөлүмү үчүн даярдалып жаткан окуу куралына киргизилет.

Ырчы Нодира Пырматова Кокон шаарынан, азыр Ташкенде турат. Ал дыйкандын бүлөсүнөн, бирок ырга жакын атасынын таасиринде бала чагынан болуп, салттуу ыр, макамдарды жаштайынан ырдап чыккан:

- Мен төрөлгөндө эле ырдап түшсөм керек. Эс тарткандан алгач Гүлзарым деген ырды аткаргам.

Пырматова макам, кетта шуло, лаппар ялла сыяктуу көп түрлүү жанрлардагы салттуу класикалык жана элдик ырларды аткарат. Атасы алгач консерваториядагы окуу элдик ырлардын ыргагын бузуп коет деп, кызынын кесиптик билим алышын каалаган эмес, бирок кийин шыктуу кыз музыкалык мектепке кирип, окуусун бүтүгөн, бүгүн ал Өзбекстандагы төбөсү көрүнгөн ырчы кыздардын катарында.

Сырттан оңой көрүнгөнү менен ырчылык машакатуу кесип, спортчулар булчуңдарын күндө машыктыргандай эле, ырчы да үнүн бапестеп, такай таптап багышы керек:

- Мен көп иштегенди жактырам. Чарчап турсам да күндө 4-5 сааттан ырдайм.

Дутарчы, дойрачылар коштогон мына ушул ырларды үстүбүздөгү күндөрү Кыргызфилмдин студиясында жаздырып жатышат. Ага Хандын Борбор Азиядагы Музыкалык демилгеси АКМИКА аркылуу ишке ашырылып жаткан бул долбоордун чегинде Кошмо Штаттарынан келген үн адистери тажикстандык Насива Омонбаева, Сиротзидин Жураевди да жаздырышууда.

Кыргызстандан АКМИКАнын алдындагы Устат-шакирт борборунун бир катар шайырлары, анын ичинде жаш кыякчы Залина Касымованын тобу, 10-18 жаштагы улан-кыздардан турган Кутман Султанбековдун ансамбли жана башкалар бар. Жаздырылган материалдар Нарындагы Борбор Азиялык университеттин музыка таануу боюнча бөлүмүнө окуу куралга колдонулмакчы, бирок жогорку сапатта жазылган ыр-күүлөр өз алдынча компакт диск болуп чыгып калышы да мүмкүн экендигин борбордун жетекчиси Разия Сырдыбаева билдирди.

Анын aралыгында кеч күздө күн эрте батып, каш карайып баратты. Жарым сааттык тыныгуу жарыяланып, эл чай ичти. Чайдан кийин иш башталганча Надира Прматова ырдап калды эле, жанына өмүрлүк жары Миргиоз дойрасы менен келип кошулду. Ал арада жубайлардын өздөрү менен кошо жүргөн чыт курсак уулу Миржалол бакырайган көздөрүн жалжылдатып, колундагы китепти дойра кылып кой ойното баштады. Отургандар бир чети таң берип, кымындай болсо да, ыр-бийге шыгы көрүнүп калган балага суктана карашты.

XS
SM
MD
LG