Кандагар тарапта жанкечти бомба жардырганда дагы 30 киши жараат алды. Ал эми Кандагарда белгисиз бирөөлөр суу аткан замбирек менен кыздардын мектебинде кислота чачышты. Баштан аяк бети-башын чүмкөгөн паранжы кийип жүргөн кыздардан 15и жабыркап, 3өө оор абалда экендиги кабарланууда. Кол салган эркектер ким экени аныктала элек.