Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:32

Р.Гейтс Балтика өлкөлөрүнө жана Украинага колдоо көрсөтөт


АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс (Robert Gates) эртең (13-ноябрда) Таллинге НАТО-Украина жолугушуусуна барат. Бул сапары менен Гейтс Балтика өлкөлөрүнө жана Украинага өз колдоосун билдирмекчи. Орусия менен Грузия ортосундагы согуш Вашингтон менен Орусиянын коңшуларын расмий Москва бул аракеттерин дагы кайталашы мүмкүнбү деп ойлондуруп койду.

НАТО жолугушуусу башталар алдында Гейтс бүгүн Балтика өлкөлөрүнүн коргоо министрлери менен кездешмекчи. Грузия менен согуштан кийин Эстония, Латвия жана Литва Орусия алардын коопсуздугуна коркунуч жаратышы ыктымал деп сестенишүүдө. “Азаттык” үналгысынын Брюсселдеги кабарчысы Ахто Лобякас Балтика өлкөлөрүнүн Орусиядан кооптонуу себебин мындайча чечмелейт:

- Орусия менен Грузия ортосундагы согуштан кийин Балтикадагы үч өлкөнүн коопсуздук маселеси алдыңкы планга чыкты. Себеби Балтика өлкөлөрү Грузияга окшош кырдаалда. Эстония жана Латвияда Орусиянын жарандары көп. Балтика өлкөлөрү Орусия бул аймактардагы кызыкчылыгын кайра баалап, таасирин бекемдөөгө умтулушу ыктымал деп кооптонушат.

Августта расмий Москва “Орусиянын жарандарынын коопсуздугун сактоо үчүн” деген жүйөө менен Грузиянын жикчил аймактары Түштүк Осетия жана Абхазияга аскерий колдоо көрсөткөн. Атүгүл Грузия менен согуштан кийин Кремль эки аймактын тең Грузиядан эгемендүүлүгүн тааныган жана бул аймактарга көп сандагы жоокерлерин жиберген.

Өткөн аптада Орусия АКШнын Чыгыш Европада ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу пландарына жооп ирээтинде Польшага чукул Калининград облусунда аралыкка учуучу “Искендер” ракетасын жайгаштырарын эскертти.

“Азаттык” үналгысынын Брюсселдеги кабарчысы Лобякастын айтымында, Балтика өлкөлөрү НАТОнун күчтүү колдоосуна муктаж:

- Балтика өлкөлөрү өз аймактарында, аба мейкиндигинде НАТОнун көбүрөөк машыгууларды өткөрүүсүн каалайт. Мындан сырткары мүмкүн болсо өз аймактарында НАТОнун да, АКШнын Польша жана Чехияда ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу планына окшош пландын ишке ашыруусун каалашат. Себеби бул өлкөлөр “эгер АКШ мындай ишке түз катышса, коопсуздугубузга кепил болмок” дешет.

НАТО Балтика өлкөлөрүнүн мындай каалоолоруна ачык жооп бериши керек. Себеби учурда НАТО жана Евробиримдиктин мүчөлөрү расмий Москва боюнча маселеде эки анжы пикирде.

Германия, Франция, Италия жана Испания Москва менен мамилелерди жакшыртууну каалайт. АКШ жана НАТОнун Борбордук жана Чыгыш Европадагы жаңы мүчөлөрү тескерисинче буга каршы.

Балтика өлкөлөрүнүн коргоо министрлери менен жолугушуудан кийин Роберт Гейтс 13-ноябрда Таллинге сапар тартат. Таллинде НАТОнун коргоо министрлери жана Украиналык кесиптеши менен жолугушат.

Апрелде альянстын Бухарест саммитинде Украина менен Грузияга НАТОнун Мүчөлүк аракет планына кабыл алууга макулдук берилген эмес. Бул маселе декабрда Брюсселде НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жолугушуусунда сөзсүз каралары убада кылынган.

XS
SM
MD
LG