Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

Гендерлик ажырым индексинде Кыргызстан 41-орунга көтөрүлдү


Жаңы жарык көргөн гендерлик ажырым индексинде Кыргызстан мурдагы советтик жумурияттардын бир тобун артта калтырып, алдыңкы 50 өлкөнүн катарына кирген.

Недланд Сигбйорн – Норвегиядан, ардагер журналист, Европалык Радио бекеттер биримдигинин шайланма жетекчиси. Ал жаш чагында жаңыдан үй-бүлө куруп, тун уулу төрөлгөндө бала менен үйдө отурганын мындайча эскерет:

- Эркектер да аялдарга кам көрсө деле болот. Мен муну эрте баштагам. 30 жыл мурда аялым төрөгөндөн кийин ишке чыкканда, мен бала менен үйдө калгам. Кызыгы, өзүн прогрессивдүү деп эсептеген менин жаш курбалдаштарым "сен карьераңды курмандыкка чалып жатасың" деп мени сынга алышкан. Тескерисинче, айылдагы таежелерим мени колдоп чыгышкан.

Бирок Недланд Норвегияда аялдар дагы деле теңдикке толук жете элек деп эсептейт:

- Бүгүн Норвегияда турмуштун бардык жактарында аялдар теңдикке жете элек деп ойлойм. Бардык тармактарда, бардык жумуш орундарында, өзгөчө исскуство тармагында аялдарга караганда, эркектерге көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр бар.

Деген менен, дүйнөдөгү башка бардык өлкөлөргө караганда, Норвегияда аялдардын акыбалы эң мыкты. Гендерлик ажырымды иликтеген Дүйнөлүк экономикалык форум мына ушундай жыйынтыкка келди.

Аялдардын теңдиги жаатында былтыр Швеция биринчи, Норвегия экинчи орунда эле, быйыл Швеция Финляндиядан кийинки үчүнчү орунга түшүп, коңшусу Норвегия топ алдына чыкты.

Төртүнчү орунда да түндүк европалык өлкө - Исландия турат. Ал эми Жаңы Зелландия бешинчи болсо, азиялык өлкөлөрдөн Филиппин эң алдыга чыгып, алтынчы орунду ээлеген.

Гендерлик тең укуктуулукту баалаганда адатта парламенттеги, өкмөттөгү жана башка маанилүү чечимдерди кабыл алуучу мамлекеттик жана ишкердик кызматтардагы аялдардын саны, бирдей иш үчүн эркектер менен аялдарга бирдей айлык төлөнүшү, аялдардын экономикалык даремети жана өз алдынчалыгы сыяктуу факторлор эске алынат.

Бул жаатта быйыл Германия, Улуу Британия жана Испания бир аз артка чегингени менен 11-, 13- жана 17-орундарды ээлеп, бул үч өлкө алдыңкы 20 өлкөнүн катарында кала берди. Ал эми 9-орундагы Голландия, анын артынан Латвия, 12-орундагы Шри Ланка менен 15-орунду алган Франция гендерлик акыйкаттык жаатында былтыркы көрсөткүчтөрүн кыйла жакшыртышкан.

Кошмо Штаттары быйыл 27 орунга көтөрүлгөн, бул жылыш орточо айлыктагы айырмачылыктын жана бир эле иш үчүн эки бөлөк айлык төлөнгөн учурлардын азайышынын аркасы менен жетишилген. Кошмо Штаттарында ошондой эле саясий чечим кабыл алынуучу кызматтарда аялдардын саны да көбөйгөн. Швецария да көрсөткүчүн жакшырткан, жылышка парламенттеги жана министрлик кызматтардагы аялдардын кыйла көбөйүшү огожо болгон. Франция үчүнчү жыл катары менен алгалоонун жолунда келатат, бул өлкөдө аялдардын экономикага катышуусу да, саясий таасири да улам өсүп жатат.

Кыргызстан быйыл 41-орунга секирик жасаган. Былтыр өлкө 2006дагы 52-орундан 70-орунга түшүп кеткен эле. Жакшыруу биринчи кезекте квота системасы киргизилгенден кийин, парламентке аялдардын шайланышына байланыштуу болду.

Мурдагы советтик жумурияттардан Балтиянын үч өлкөсү, Беларус жана Молдова Кыргызстандан кыйла алдыда, бирок Борбор Азиядагы калган бардык өлкөлөр, ошондой эле Орусия менен Украина гендерлик теңдик жаатында Кыргызстандан артта турат. Тактап айтканда, Орусия 42-, Казакстан 45-, Өзбекстан 55-, Азербайжан 61-, Грузия 82-, ал эми Тажикстан 89-орунда.

Айтмакчы, Европа Биримдигине кошулууга далалаттанган Түркия аялдардын укугун көтөрмөлөө жаатында европалыктарга жетиш үчүн дагы албан-албан эмгек кылышы керек, азырынча ал эң артта калган 10 өлкөнүн катарында, 123-орунда турат.

XS
SM
MD
LG