Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

Түштүк Парс газ кенин Россия, Иран жана Катар чогуу казат

Россия, Иран жана Катар газ өндүрүү жана экспорттоо боюнча орток компания түзүшмөкчү. Бул маселени талкуулоо үчүн дүйнөнүн газга бай үч өлкөсүнүн өкүлдөрү шаршемби күнү Катардын байтакты Дохага келишти. Өткөн айда үч өлкөнүн газ үчилтигин түзөлү деп макулдашканда, алар мунай экспортоочу өлкөлөрдүн ОПЭК уюму сыяктуу дагы бир картелди түзөт деген божомолдор айтылган.

Россия, Иран жана Катардын негизги газ өндүрүүчүлөрү шаршемби күнү акыркы бир айда экинчи ирет кездешип жатышат. Үч өлкөнүн башкы газ өндүрүүчүлөрү өткөн айда Тегеранда жолукканда Россия, Иран жана Катар ОПЭК өлкөлөрү сыяктуу газ картелин түзөт экен деген божомолдор айтылган. Мындай кеп сөзгө Ирандын мунай министри Гуламхусейн Назаринин береги сөзү түрткү болгон:

-Үч өлкөгө Иран, Россия жана Катарга дүйнөдөгү газ корунун 60 проценти таандык. Газ корунун эң чоң үч ээси газ экспорттоочу өлкөлөр уюмун түзүүгө узактан бери кызыкдар.

Бирок Россиянын премьер-министри Путин:«Биз эч кандай картель түзбөйбүз. Андай чочулоого эч кандай негиз жок», деп билдирди 11-ноябрда.

Деген менен, айрым эксперттер Россия, Иран жана Катардын газ картелин жакын арада түзөөрүнө ишенишпейт.

Чарльз Эссер-Брюсселдеги Эларалык кризистерди изилдөө борборунун серепчиси. Анын түшүндүрүшүнчө:

-Газ боюнча ОПЭКти түзүү кыйын. Эмне үчүн? Газ мунай сыяктуу дүйнөлүк рыноктун көпчүлүк бөлүгүндө сатылбайт. Суюк газ сатылганы менен, анын үлүшү өтө аз.

Азырынча Дохадагы сүйлөшүү тууралуу кеңири маалымат жок. Бирок «Комменсант» гезити Орус өкмөтүндөгү булактарга шилтеп, Дохадагы кездешүүдө тараптар орток ишкана түзөөрүн кабарлады. Орток ишканада Россиянын, Ирандын жана Катардын компаниялары 30 проценттен үлүшкө ээ болот. 10 проценттик үлүшкө ээ болчу төртүнчү катышуучу Кытайдын же Кореянын газ компаниясы болушу мүмкүн.

Орток долбоор боюнча, Иранга таандык Түштүк Парс газ кени өздөштүрүлөт, деп билдирет «Коммерсант». Түштүк Парстын газ кору 14 триллион куб метрге барабар жана дүйнөдөгү эң чоң кор деп саналат.

Россия, Иран жана Катардын негизги газ өндүрүүчүлөрү шаршемби күнү акыркы бир айда экинчи ирет кездешип жатышат. Үч өлкөнүн башкы газ өндүрүүчүлөрү өткөн айда Тегеранда жолукканда Россия, Иран жана Катар ОПЭК өлкөлөрү сыяктуу газ картелин түзөт экен деген божомолдор айтылган. Мындай кеп сөзгө Ирандын мунай министри Гуламхусейн Назаринин береги сөзү түрткү болгон:

-Үч өлкөгө Иран, Россия жана Катарга дүйнөдөгү газ корунун 60 проценти таандык. Газ корунун эң чоң үч ээси газ экспорттоочу өлкөлөр уюмун түзүүгө узактан бери кызыкдар.

Бирок Россиянын премьер-министри Путин:«Биз эч кандай картель түзбөйбүз. Андай чочулоого эч кандай негиз жок», деп билдирди 11-ноябрда.

Деген менен, айрым эксперттер Россия, Иран жана Катардын газ картелин жакын арада түзөөрүнө ишенишпейт.

Чарлз Эссер-Брюсселдеги Эларалык кризистерди изилдөө борборунун серепчиси. Анын түшүндүрүшүнчө:

- Газ боюнча ОПЭКти түзүү кыйын. Эмне үчүн? Газ мунай сыяктуу дүйнөлүк рыноктун көпчүлүк бөлүгүндө сатылбайт. Суюк газ сатылганы менен, анын үлүшү өтө аз.

XS
SM
MD
LG