Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:45

Петров көлүнүн абалы Кумтөр ишканасы тарабынан көзөмөлдөнүп турат


Бул тууралуу бүгүн “Кумтөр оперейтинг компани” ишканасынын менеджери Эрик Кожомкулов маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда учурда Петров көлүндө 60 млн метр куб суу бар, анын 5-6 млн метр кубу жыл сайын алтын кенди иштетүүчү ишкананын керектөөсүнө жумшалат. Ошондуктан, көлдүн суусу ашып, Кумтөр алтын кенинин уулуу зат калдыктары сакталган аймакты каптайт, деген маалыматтар туура эмес, дейт ишкана өкүлү. Ошондой эле анын белгилөөсү боюнча уулуу зат калдыктары сакталган жай көлдүн жогору жагында жайгашкан, мындан эч кандай коркунуч жок. Эске сала кетүүчү нерсе –кечээ Барскоондогу “Карек” бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү Петров көлүнүн суусу ашып, Кумтөр алтын кенинин уулуу зат калдыктары сакталган жайын жууп кетүү коркунучу бардыгын билдиришкен. Алардын белгилөөсү боюнча мындан Кыргызстан гана эмес, жалпы Борбор Азиянын экологиясы жабыркашы ыктымал.(ZKo)

XS
SM
MD
LG