"Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун түркмөн кызматынын маалыматына караганда, өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Мурат Гарриев расмий өкүлдөргө алдыдагы парламенттик шайлоого катталган шайлоочулардын кеминде 95%ы катышуусун кепилдөөгө көрсөтмө берген. Түркмөнстандын бир палаталуу парламентиндеги 125 орун үчүн шайлоо 14-декабрда өтөт. Өнөктүктүн жүрүшүндө талапкерлердин көбү президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун саясатын колдоорун билдиришүүдө. Түркмөнстанда расмий каттодон өткөн бир гана саясий партия бар.