Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:33

Ооганстанда 9 киши соттун өкүмү менен өмүрүнөн ажыратылды


Ооганстандын президенти Хамид Карзай
Ооганстандын президенти Хамид Карзай

Өткөн жуманын ичинде Ооган президенти Хамид Карзайдын буйругу менен 9 кишинин өлүм жазасы жөнүндөгү өкүмү ишке ашырылды.

Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча мекемесинин өкүлдөрү өлкөдөгү сот системасынын кемчиликтерин белгилеп, бейкүнөө адамдар өмүрүнөн ажыратылышы ыктымал деген камтамачылыгын билдиришүүдө. Бирок адам өлтүргөндөрдү, зордуктагандарды, барымтага алгандардын өмүрүн кыйыш керек деп эсептеген элдин саны өсүүдө. Атүгүл, өкмөт андай кылмышкерлердин өкүмүн эл алдында ишке ашырууга тийиш деген сунуштар айтылууда. Мындай нерсе Ооганстанда талиптердин учурунан бери орун ала элек эле.

Талиптер элге толгон стадиондо “бул - ислам адилеттүүлүгү” деген кыйкырыктар менен адамдарды атып жаткан тасма аркылуу дүйнө талибан режиминин эң зөөкүр жактарына күбө болгон эле.

Арийне, зордук-зомубулук, кылмыштуулук каптап кеткен өлкөнүн калкы азыр да өлүм жазасын коом алдында аткарууну талап кылышууда.

Бул маселе президент Карзайды кыйын абалга кептеди.

2009-жылкы шайлоодо президенттик үчүн ат салышканы жаткан Карзай кылмыштуулуктун өсүшүнө нааразы болгон шайлоочулардын көңүлүн алууга тийиш. Экинчи жагынан, андай практика киргизилсе, эларалык донорлор жардам берүүдөн баш тартышы ыктымал.

Октябрдын этегинде аялдардын конференциясында адам уурдоо же зордуктоо үчүн айыпталгандарды эл алдында өмүрүнөн ажыратуу талабы коюлган:

- Кыз келиндерди, балдарды зордуктагандардын өлүм жазасына өкүм кылынышын каалайбыз. Бул шариятка, эларалык нормаларга дал келген укугубуз, - деген депутат Шукира Баракзай.

Бирок мындай көз караш Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Наванатхем Пилайды чочулатат. Эмне дегенде президент Карзай өзү сот системасында олуттуу кемчиликтер бар экенин моюнга алган.

Жогоруда сөз болгон конференцияда президент өлүм жазасы абактардын ичинде гана аткарылаарын билдирди. Ошондон бери Карзай 9 кылмышкердин өлүм жазасын ишке ашыруу буйругуна кол койду. Бардыгы тең баш калаадагы түрмөдө дарга асылды.

Ооганстандын ички иштер министринин орун басары Хасем Казимсай “Азатыкка” билдиргендей, өлүм жазасына өлкөнүн Жогорку соту өкүм кылат, андан кийин ал конституцияга ылайык, президенттин кароосуна жиберилет. Казимсайдын ырастоосунда, сөз болгон 9 буйрук президенттин кеңсеси өз иликтөөсүн өткөргөндөн кийин гана жактырылган.

- Ооган конституциясында адам өлтүрүү, зордуктоо же барымтага алуу өңдүү кылмыштар үчүн өлүм жазасы каралаган. Бирок биз эларалык стандарттарды да урматтайбыз. Президент жогорку жазаны өмүрүнүн аягына чейин түрмөгө кесүү жазасына алмаштырууну көпкө чейин ойлонуп келди. Бирок анын жолу табылган жок жана мамлекет башчы буйруктарга кол койду.

Бирок элдин бир тобу өлүм жазасы кеңири калк алдында ишке ашырылышы керек деп, өкмөттүн ага макул болбой жатканына нааразылыгын билдиришүүдө.

Кабул университетинин студенти Асад, маселен, мындай дейт:

- Менимче, өлүм жазасына өкүм кылуу туура иш. Дүйнөнүн булуң бурчунда кылмышкерлер кылмыштары үчүн жазаланат. Исламга ылайык, адам өлтүргөн киши да өлтүрүшү керек. Ошол эле исламга ылайык, ал элдин көзүнчө жазаланууга тийиш. Андай учурлар башкаларга сабак болуп бериши керек.

XS
SM
MD
LG