Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:42

Улуттук университеттин ректору Ырысбек Өмүрканов кызматынан алынды


Билим берүү министрлиги бул чечимин университетке кабыл алуу учурунда кетирген одоно мыйзам бузуулары менен байланыштырды. Коррупцияны алдын алуу боюнча мамлекеттик агенттик менен министрликтин биргелешкен комиссиясы ушундай тыянак чыгарып, текшерүүнүн жыйынтыгын тартип коргоо кызматтарына бергени жатат. Өмүрканов 2006-жылы ноябрда 11 талапкердин катарында Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетиндеги ректорду шайлоого катышып, жеңген. Учурда ректордун милдетин биринчи проректор Искендер Исамидинов аткарып жатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG