Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Сентябрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:38

Жалал-Абатта мыйзамсыз иштеген чет элдиктер облус аймагынан чыгарылат


Облустун аймагындагы алтын кендерин иштетип, арбын киреше алганы менен бир тыйын да салык төлөбөй, жашыруун аракеттенген фирмалар табылды. Айрымдары Бишкекте катталган, башкалары алтынды мыйзамсыз казып, дарыя суусун булгап, жер кыртышын бузуп, миндеген түп токой дарактарын жок кылуу менен табиятка зор зыян келтирген. Алардын алтоо кыйынчылык менен Ала-Бука жана Чаткал райондоруна катталды. Арасында мурдагы өкмөт башчы Николай Танаевге караштуу ишкана да бар. Катталуудан баш тарткандарга каржы полициясы кылмыш ишин козгомокчу. Бул тууралуу губернатор Кошбай Масиров «Азаттыктын» суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, облуста мыйзамсыз иштеген кытай жарандары өз мекенине кайтарылмакчы.(YA)

XS
SM
MD
LG