Түркмөн бийликтери жергиликтүү студенттерди АКШнын билим берүү жаатындагы алмашуу програмаларына катышуудан айнытып жаткандыгы жөнүндөгү маалыматтарды Кошмо Штаттардын Ашхабаддагы элчилиги ырастады. Элчиликтин маалымат катчысы Эндрю Полдун "Ассошейтед пресс" агенттигине кечээ, бейшембиде билдиргенине караганда, мурдагы автократ президент Сапармурад Ниязов дүйнөдөн өткөндөн берки акыркы эки жылдын аралыгында АКШдан билим алуу үчүн арыз берген түркмөн студенттеринин саны өсүү үстүндө болгон. Бирок америкалык дипломаттын айтымында, түркмөн бийликтери студенттерге алмашуу программаларына катышпоосу үчүн кысым көргөзүүнү улантууда.