Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:30

Элдик жыйындын уюштуруучуларына бут тосуулар болууда


Элдик революциялык кыймылдын лидерлеринин бири Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, жыйындын уюштуруучуларынын бири Топчубек Тургуналиевдин айдоочу күбөлүгүн МАИнини кызматкерлери алып коюшкан. Ал эми Талас шаарында Роза Нурматованы ташып жүргөн унааны белгисиз бирөөлөр өрттөп жиберишкен. “Эми жетинчи кабаттын көрсөтмөсү менен жергиликтүү бийлик Элдик жыйынды үзгүлтүккө учуратуу үчүн жарыкты өчүрүп, жолдорду оңдомуш болуп, колдон келишинче тоскоолдук кылат”, - дейт Азимбек Бекназаров. Анын айтымында, эртең 18-ноябрда Талас шаарында өтүүчү Элдик революциялык кыймыл уюштуруп жаткан элдик жыйында президентти кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетирүү талабы эмес, мамлекетти башкаруу системасын өзгөртүү маселеси элдин талкуусуна коюлат. Ал ошондой эле мындай талкуу Таластан кийин Ош шаарында өткөрүлөөрүн кошумчалады. (MSu)

XS
SM
MD
LG