Бул туурасында аймактагы бейөкмөт уюмдардын, партиялардын лидерлери «Азаттыкка» маалымдашты. Алардын бири «Болуш» ассоциациянын жетекчиси Сапар Аргынбаев, «Москва районундагы лидерлер оппозиянын соңку кадамдарына макул эмес жана карапайым калк азыр бийликке дагы оппозиция өкүлдөрүнө дагы ишенбейт», дейт. Ал эми Аламүдүн районундагы «Ар намыс» партиясынын мүчөсү Саадат Самторова Элдик жыйынга баруунун эч кандай зарылчылыгы жок экенин айтат. Чүйдөгү жаштар лидерлери болсо «коомчулукта бийликке болгон нааразылык күч, бирок эл ишенимдүү оппозиция лидерин көрбөй турат» деп кошумчалашат. Бирок аймактагы көпчүлүк бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү «азыр жаш жана жаңыча көз караштагы оппозиция өкүлдөрү керек жана аларды сөзсүз колдоого алабыз», - деп билдиришет. (JJ)