Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:58

Б. Сейитов: ИИМ Таласка кошумча күч жиберген жок


ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов Таласта эртең өтөөрү күтүлүп жаткан Элдик революциялык кыймылдын Элдик жыйынынын учурунда тартипти көзөмөлдөөгө жергиликтүү милициянын кубаты жетет деп билдирди. Элдик революциялык кыймылдын лидерлеринин бири Топчубек Тургуналиев “Азаттыкка” Таласта тик учак менен атайын багыттагы күчтөр жеткирилгендиги тууралуу маалыматтар тарагандыгы, оппозиция өкүлдөрүн тымызын опузалоо болуп жаткандыгы тууралуу маалымдады. Элдик революциялык кыймылдын Элдик жыйыны жергиликтүү бийликтин уруксаты менен Таластын четиндеги стадиондо 18-ноябрда өткөнү жатат. Ушул эле күнү бийлик ат майданда улуттук оюндарды уюштуруп жаткандыгы маалымдалууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG