Журналисттин мындан эки жыл мурда өлтүрүлүшүнө байланыштуу айыпталгандардын арасында аны өлтүргөн же бул кылмышты уюштурган деп шектелгендерден эч ким жок. Кремлди катуу сындаганы менен таанымал болгон Анна Политковскаянын урук-туугандары жабык эшик артындагы аскердик сотто ким аны өлтүрүүгө буйрук бергени аныкталаарына көздөрү жетпей тургандыгын айтышууда.